Үч жыл ичинде «капиталдык салымдар» беренеси боюнча 50 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөн

Өкмөт 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. 3 жылда 49,7 млрд сом капиталдык салымдарга бөлүндү. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында 2022-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту, 2023-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин кароо алкагында билдирди.

«3 жылда 49,7 млрд сом капиталдык салымдарга бөлүндү, ал эми 2024-жылга 8 млрд сом каралууда. Бардык булактардан 1724 социалдык объект бүткөрүлдү. 106 таза суу объектиси жыйынтыкталып, 231 миң адам ичүүчү таза суу менен камсыз болду. Объекттердин убагында бүтпөгөндүгү, подрядчиктердин качып кетиши, жоопкерчиликсиз мамилелери, долгострой курулуштардын көбөйүшү сыяктуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн биз мамлекеттик саясатта курулуштарга, жол салууга казналык милдеттенмелерди киргиздик», - деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы Баткендин капиталдык курулуштарына – 1,4 млрд сом, ал эми жолдорун курууга 1,7 млрд сом бөлүнгөндүгүн белгиледи. Аймакты өнүктүрүүгө жылына 500 млн сом бөлүнүп жатат.

«Жалпысынан Баткен облусуна Садыр Нургожоевичтин келгени 3 млрд 726 млн 900 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Жалпы 634 объектти жаңы салдык, анын ичинде 55 мектеп бар», - деди ал.

Акылбек Жапаров кошумчалагандай, эки жылда 1386 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. 298 даана жол куруу техникасы сатылып алынган. 2026-жылга чейин 700гө жакын атайын техника сатып алуу пландалууда.

«Аэропорттор жаңыланууда. 2024-жылы 4 учак сатып алабыз. Ошондой эле 20 чакырым темир жол салынды», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий