• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте ооруканалардын биринде мыйзамсыз акча алуу фактысы аныкталды

Коом 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволук уюмдарынын биринде кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектеги ден соолукту чыңдоо борборунун бир катар жетекчилери кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, документтерди жасалмалоо жолу менен акысыз көрсөтүлгөн кызматтары үчүн жарандардан мыйзамсыз акча алып жаткандары аныкталды. Түшкөн акча каражаттары жеке муктаждыктар үчүн пайдаланылган.

Ошондой эле 2022-жылы негизсиз алынган кирешенин суммасы 1 млн сомдон ашык экени аныкталды. Бул уюмдун мурдагы жылдардагы ишмердүүлүгү текшерилип жатат.

Учурда чогултулган материалдардын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголду.

Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий