• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек мэриясы темир жолчуларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Бишкектин райондук администрациялары темир жолчуларды кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ленин районунун акиминин биринчи орун басары Алтынбек Маматов башчы Мурат Осмоновдун атынан куттуктап, райондун өнүгүшүнө кошкон салымы жана ак ниет, үзүрлүү эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, Ардак грамоталарды тапшырды.

Ал эми Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары Сатыбек Каныбеков “Кыргыз темиржолу” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды тапшырды.

Муниципалдык администрациялардын Ардак грамоталары төмөнкүлөргө тапшырылды:

- Сакиев Азамат Абдукаримович - “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
- Кыбраев Кубанычбек Эдилбекович - “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун жардамчысы;
- Раимбекова Гүлнур Доктурбековна - «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын бухгалтери;
- Альмединов Альберт - "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жүктөө -түшүрүү иштерин камсыздоочу филиалынын айдоочусу;
- Вислова Эмилия Васильевна - "Кыргыз темиржолу" мамлекеттик ишканасынын Кайыңды темир подстанциясында объекттерди коргоо, жүктөрдү жана поезддерди коштоо боюнча атуучу;
- Жусуев Уланбек Орозбекович - «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын материалдык -техникалык жактан камсыздоо боюнча филиалынын жүктөөчүсү;
- Өмүрзаков Максат Элеманович - “Кыргыз темир жолу” НК ”мамлекеттик ишканасынын техникалык саясат бөлүмүнүн техникалык жөнгө салуу жана метрология бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
- Асанова Нурия Бектебековна - “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын улук товар кассири;

Ошондой эле, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасына акимиаттын ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Борбор калаанын мэриясы темир жолчулардын кесиптик майрамы менен куттуктап, чың ден соолук жана бакубат жашоо каалайт.

Пикир

Оставить комментарий