• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ч.Турсунбеков Иран тарап менен бир катар инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация Иран Ислам Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында бир катар өндүрүштүк мекемелерди кыдырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Тагыраагы, Жогорку Кеңештин делегациясы Ирандагы автомобил куруучу ири "Иран-Ходру" атындагы заводдо болуп, ишкананын өндүрүшү менен таанышты.

Төрага Чыныбай Турсунбеков аталган авто унаа чыгаруучу заводдун вице-президенти Саид Тафазоли менен жолугушуп жатып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу Кыргызстан менен Ирандын тыгыз кызматташтыгынын арттырууга болорун билдирди. Чыныбай Турсунбеков белгилегендей, "Иран-Ходру" компаниясынын өндүрүштүк-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен бул жааттагы кызматташтыкты Кыргызстан тарап колдоого даяр.

"Кыргызстандын жетекчилиги өлкөгө инвестиция тартууга кызыктар, ал эми Жогорку Кеңеш мыйзамдык деңгээлде бардык керектүү шарттарды түзүүгө даяр", - деди Төрага Чыныбай Турсунбеков.

Өз кезегинде компаниянын вице-президенти Саид Тафазоли Иран тарап Кыргызстан менен кызматташууга, айрыкча авто унаа чыгаруу боюнча биргелешкен ишкана ачууга кызыктар экендигин билдирип: "Эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүбүздү толук пайдаланууга зарыл болгон бардык шарттар бар" - деди. Ошондой эле Иран тарап кыргыз парламентине бул багыттагы маселелерди колдоого аларынан үмүт артарын кошумчалады.

Андан тышкары, Жогорку Кеңештин расмий делегациясы Мазендеран провинциясындагы сүт азыктарын өндүргөн заводко жана "Кале" аттуу эт комбинатына барышты. Эки объектини кыдыруу учурунда Кыргызстандын "ВСП+" статусун эске алуу менен айыл чарба жана кайра иштетүү тармактары боюнча эки мамлекеттин кызматташтыгын кеңейтүү зарылчылыгы айтылды.

Эске салсак, Жогорку Кеӊеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация 23-апрелден 27-апрелге чейин Тегеран шаарында (Иран Ислам Республикасы) расмий иш сапар менен болот. Делегациянын курамында Жогорку Кеӊештин депутаттары Мирлан Бакиров, Исланбек Сарсейитов, Жыргалбек Турускулов, Данияр Аттокуров, Абдимуктар Маматовдор бар.

Пикир

Оставить комментарий