• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Депутат алименттик милдеттенмелердин аткарылышын кайрадан ыратташтырууга багытталган мыйзам долбоорун сунуштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.06.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште алименттик милдеттенмелердин аткарылышын ыратташтырууга багытталган “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – депутат Максат Сабиров.

Демилгечинин айтымында, 2017-жылы “Сот аткаруучулары жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” жаӊы мыйзам ишке киргизилип, “Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү тууралуу жана сот аткаруучулардын статусу жөнүндө” мыйзамы күчүн жоготкон. Ошондон улам, жаӊы мыйзамды алименттик милдеттенмелер боюнча жаӊы ченемдер толуктоо зарылдыгы келип чыкты. “Мыйзам долбоору менен сот аткаруучуларынын укугу, карызкорлордун маалымат базасын түзүү боюнча милдет, ошондой эле редакциялык мүнөздөгү айрым бир толуктоолор киргизилүүдө”, - деди Максат Сабиров.

Пикир

Оставить комментарий