• 87
  • 90.63
  • 0.79

«Чакан ГЭС» ААКда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү кызуу жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 10.08.23. /Кабар/. «Чакан ГЭС» ААКда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү кызуу жүрүүдө, - деп билдирет «Чакан ГЭС» ААКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн «Чакан ГЭС» ААКнын электр техникалык участогу Аламүдүн-6 гидроэлектростанциясында тышка орнотулуучу 6 кВ чыңалуусундагы комплектүү бөлуштүрүүчү түзмөкту утурумдук оңдоодон өткөрүштү. Энергетиктер КБТнын жабдууларын толук карап чыгышып, чаң, кирлерден тазалап, жөнгө салып, эксплуатация учурунда пайда болгон дефекттерди жокко чыгарышты. Ошондой эле, оңдоо учурунда адистер электрдик өлчөөлөрдү жүргүзүшүп, сыноо иштерин алып барышты.

Мындан тышкары, «Чакан ГЭС» ААК кызматкерлери Лебединовка ГЭСиндеги №2 гидроагрегатты утурумдук оңдоодон өткөрүүдө. Оңдоо иштерине «Чакан ГЭС» ААКнын турбиналык жана электр техникалык участоктору, релелик коргоо жана автоматиканын жергиликтүү кызматы тартылган. Энергетиктер муздаткыч радиаторлорду тазалап, турбинанын подшипниктерин оңдоп, гидроагрегаттын жабдууларына электрдик өлчөө жана профилактикалык көзөмөл жүргүзүштү.

Пикир

Оставить комментарий