• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Спортчулар 15ке жакын өлкөдөн келет. Чолпон-Атада самбо боюнча Дүйнө кубогу өтөт

Спорт 0


Бишкек. 10.08.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча Дүйнө кубогу өтөт. Мелдешке 15ке жакын өлкөдөн 400дөй спортчу катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, иш-чара 22-23-август күндөрү Чолпон-Атадагы “Газпром-балдарга” ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт.

Эркектер жана кыз-келиндер арасындагы күжүрмөн жана спорттук самбо боюнча Дүйнө кубогуна төмөнкү салмак категорияларда беттештер өтөт:

  • Эркектер (спорттук самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг;
  • Кыз-келиндер (спорттук самбо): 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг;
  • Эркектер (күжүрмөн самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг;
  • Кыз-келиндер (күжүрмөн самбо): 59, 65, 72 кг.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын ноябрында Кыргызстанда биринчи жолу самбо боюнча Дүйнө чемпионаты өткөн.

Пикир

Оставить комментарий