• 87
  • 90.43
  • 0.88

Лебединов ГЭСин реконструкциялоого тендер жарыяланды

Экономика 0

Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. “Чакан ГЭС” ишканасы Лебединов ГЭСин реконструкциялоо иштерин аткаруу үчүн подряддык уюмду тандоо үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, объектти модернизациялоо үчүн инновациялык чечимдерди сунуштоого даяр алдыңкы эл аралык жана атамекендик компаниялар катышууга чакырылган.

Долбоорду ишке ашыруу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) кредиттик жана гранттык каражаттарынын эсебинен каржыланат.

Тендердик арыздарды берүү ЕРӨБдүн электрондук “ECEPP” порталы аркылуу 2025-жылдын 13-январына чейин жүргүзүлөт.

Долбоор энергетикалык жабдууларды толук реконструкциялоону жана курулуш объекттерин жаңылоону камтыйт. Иштин сапатына техникалык көзөмөл консультациялык компания тарабынан аткарылат.

Пикир

Оставить комментарий