Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын өнүктүрүү багытындагы мамлекеттик саясатынын максаты - өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн отун-энергетика комплексин туруктуу өнүктүрүү. Энергетика тармагы ар түрдүү энергия булактарын сарамжалдуу, экономикалык жактан өзүн актаган пайдаланууга негизделиши керек.
Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы толугу менен ири гидроэлектростанциялардын эсебинен ишке ашырылып келет. Бирок, акыркы жылдары электр энергиясын керектөөчүлөрдүн ички рыногу өсүүдө. Кыргызстандын географиялык ыңгайлуу шартына ылайык, бир топ чакан ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүгү бар. Мындай чакан ГЭСтерди кыска убакытта болжол менен 1,5 - 2 жылдын ичинде курууга болот.
Акыркы жылдары өлкөнүн энергетикалык кубаттуулугун жогорулатуу максатында чакан гидроэлектростанцияларды, күн жана шамал электрстанцияларын курууга өзгөчө көңүл бурулууда.
Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Сузак жана Токтогул райондорунда жайгашкан “Кайнама” жана “Көк-Арт” чакан гидроэлектростанцияларын ачуу учурунда өлкөнүн энергетика тармагынын чоң жетишкендиги катары бул окуянын маанилүүлүгүн баса белгиледи. “Энергетика маселеси узак убакыттан бери улуттук экономиканын негизги көйгөйлүү маселеси болуп келсе, учурда жаңы энергетикалык объектердин ишке кириши менен өз чечимин табууда”, - деди ал.
Президент белгилегендей, өлкөдө энергетикалык маселелерди чечүүнүн приоритеттүү багыты гидроэлектростанцияларын куруу болуп саналат. Мында Садыр Жапаров ишкерлерди жана инвесторлорду аталган чөйрөдөгү долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жайгашкан жалпы кубаттуулугу 9,6 МВтты түзгөн "Кайнама" ААК чакан ГЭСинин курулушу 2023-жылдын ноябрь айында башталып, 2024-жылы аяктаган.
“Көк-Арт” чакан ГЭСинин курулушу 2023-жылдын август айында башталган. Гидроагрегаттын кубаттуулугу 6,8 МВатты түзүп, жылына болжол менен 25 млн кВт/саат энергия иштеп чыгууга багытталган.
КР энергетика министринин орун басары Нурлан Садыков өлкө боюнча чакан гидроэлектростанцияларын куруу иштери активдүү жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, биринчи жарым жылдыкта Талас облусунда, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул жана Сузак районунда 4 чакан ГЭС ишке берилди.
“Бардык төрт ГЭС учурда иштеп жатат. 31-август, Эгемендүүлүк күнүнө карата кошумча "Исфайрам" ГЭСи ишке берилди. Жыл соңуна чейин дагы жети чакан ГЭСти ишке киргизүүгө даярдыктарды көрүп жатабыз. Бул бардык кичи-гидроэлектростанциялар инвесторлордун, гранттардын жана жеке тараптардын эсебинен курулууда. Учурда инвесторлор тынымсыз иштешип, тез арада ГЭСтерди ишке киргизүү аракетин көрүшүүдө”, - дейт ал.
Мындан тышкары, энергетика министринин орун басарынын маалыматы боюнча мамлекеттин катышуусу менен үч чакан ГЭСтин курулушу жүрүүдө. Алар – Кара-Суу дарыясындагы “Кара-Көл” ГЭСи, Орто-Токо суу сактагычындагы ГЭС жана жакынкы аралыкта Ош облусундагы “Папан” ГЭСинин курулушу башталып, капсуласы салынат.
“Биз жергиликтүү жарандардын инвестор катары чыгышына кызыкдар болуп, басым жасап жатабыз. Артыкчылыгы бул ГЭСтер учурдагы болгон суу менен иштешет. Дарыяларга электр энергиясын өндүрө турган жабдуулар жана курулмалар орнотулуп, бизде болгон суунун жардамы менен электр энергиясы өндүрүлөт. Эң негизгиси – чакан ГЭСтер ошол район же айыл үчүн зарыл болгон тиешелүү электр энергиясын өндүрөт жана мында суу да үнөмдөлөт. Чакан ГЭСтер республиканын ири гидростанциялары үчүн керектүү суунун көлөмүн чогултуу мүмкүнчүлүгүн берет. Чакан ГЭС жергиликтүү деңгээлде өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына ээ болуусуна өз салымын кошот”, - деди Н. Садыков.
Эксперт, энергетика тармагынын ардагери Чоробай Акунов белгилегендей, азыр өлкө жетекчилери өз саясатында ГЭСтерди курууга өзгөчө басым жасап жатышат. “Мурда Советтер союзу учурунда чакан ГЭСтерди куруу кыйын болгон, себеби Айыл чарба министрлигинен, Суу чарба жана мелиорация департаментинен чакан ГЭС курууга уруксат берген документтерди алуу татаал болгон. Ал кезде электр энергиясына тарифтер да төмөн эле. Керектелген каражатты актаганга чейин эле, аны курууга көп убакыт керек болчу. Азыр бул процедуралардын бардыгы жөнөкөйлөштүрүлдү, ал гана эмес "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" мыйзам кабыл алынды. Азыр кыргызстандыктар чакан ГЭСтерди курууга өз каражаттарын сала башташты", - деди ал.
Эксперт белгилегендей, Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы жогору, анткени учурда өлкө бул потенциалынын 10 пайызын эле колдонот. Эгер бардык ири жана чакан ГЭСтер ишке берилсе, өлкө келечекте энергетикалык коопсуздукка ээ боло алат.
“Мисалы, биз кышкысын электр энергиясын башка өлкөлөрдөн да импорттоп, көп өлчөмдө колдонобуз. Эгер бардык ири ГЭСтер иштей баштаса, биз импорттоочудан экспорттоочуга айлана алабыз. Бул абдан маанилүү”, - деп сөзүн жыйынтыктады Ч. Акунов.
Материалды даярдаган Салтанат Абдраева, которгон Чолпон Жумалиева
Пикир
Оставить комментарий