• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Чакан жана орто ишканалар ЭТТК колдонбойт – Кубанычбек Ысабеков

Экономика 0

Бишкек, 17.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Чакан жана орто ишканалар электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонбойт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.

Ал белгилегендей, биринчиден, ири импортерлорго жана өндүрүүчүлөргө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК) колдонууну калтыруу каралууда. Ал эми төмөндөтүлгөн бирдиктүү салык ставкалары менен иштеген чакан жана орто ишкерлер ЭТТК колдонбойт.

Экинчиден, ишкерлер товарын башка ишкерлерге сатса, анда электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) же кагаз түрүндөгү эсеп-фактураны колдонууга эки мүмкүнчүлүгү болот.

“Кимге кандай түрү ыңгайлуу болсо, ошол эсеп-фактура менен иштөөгө шарт түзүлүп жатат. Биздин көп ишкерлерибиз мурда патент менен иштечү да , азыр болсо мына бирдиктүү салыкка өтүштү, ЭТТК, ЭЭФ, ККМ киргизилди. Буга байланыштуу ишкерлерге кыйынчылык жаралып жаткандыктан, иштерди жөнөкөйлөштүрүүгө мүмкүнчүлүк жаралып жатат”, - деди Кубанычбек Ысабеков.

Пикир

Оставить комментарий