Чаткал районундагы Сумсар айылында тигүү фабрикасы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Жалал-Абад облусундагы иш сапары Чаткал районунда уланды.

Алгач төрага Сумсар айылында курулган “Селя” тигүү фабрикасынын ачылышына катышты.

Ачылыш аземинде өлкөдө ишке ашырылып жактан реформалар тууралуу кеп кылган Нурланбек Шакиев мамлекеттин жана жаратман жарандардын аракети менен көптөгөн өндүрүштүк жайлар ачылып жатканын мисал кылды.

“Бул жарандарыбыздын өз мекенинде иштөөсүнө өбөлгө түзүп, миграциялык агымды азайтууга түрткү берүүдө. Ал тургай чет жерден мекенине кайткан жарандарыбыздын саны күн сайын көбөйүп, акыркы эле эки жылда 241 миң мекендешибиз Кыргызстанга кайтып келди”, – деди төрага.

Ошондой эле борбордон алыс жайгашкан айылда тигүү фабрикасынын ачылып жатканына жогору баасын берген Нурланбек Шакиев: “Асел Атабекова аттуу ишкер айымдын демилгеси менен кыска убакыт аралыгында жараксыз абалга келген жай өндүрүштүк фабрикага айланганын көрүп кубанып жатабыз. Бул ишкана Сумсардын элин жумуш менен гана камсыздабастан, жергиликтүү бюджетти көтөрүүгө да көмөкчү болот. Ал эми аймактардагы ушундай жетишкендиктер өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Андыктан, фабриканын ишине ийгиликтерди каалап, башка айылдарда да өндүрүштүк ишканалар ачылсын деген тилегимди билдирем”, – деди.

Мындан тышкары, төрага фабриканын курулушуна каржылык колдоо көрсөткөн Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиковго кайрылып: “Жалаң эле Бишкек, Ош өңдүү ири шаарлардагы долбоорлорго гана көмөк көрсөтпөстөн, элет жерине да көңүл бурулушу керек. Анткени, калкыбыздын 65%дан ашууну айыл жеринде жашайт. Аларды иш менен камсыздоо үчүн жаңы иш орундарын түзүшүбүз зарыл”, – деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, 1991-жылдан бери иштебей турган заводдун имаратын Асель Атабекова аттуу ишкер айым өткөн жылы аукциондон сатып алып, толук оңдоп-түзөөдөн өткөргөн. Ал эми жалпы фабриканын иштеши үчүн 51 млн 796 миң сом каражат жумшалган.

Андан соң Төрага Нурланбек Шакиев Сумсар айылындагы жергиликтүү мектептин абалы менен да таанышты. Алсак, аталган мектептин 360 орунга ылайыкташкан имараты 1961-жылы ишке берилген. 1988-жылы 250 орундуу кошумча окуу имаратын куруу пландалып, бирок 1990-жылы токтоп калган. Натыйжада азыркы тапта 662 окуучу эски мектепте эки нөөмөт менен билим алууда. Ал арада Чаткал өнүктүрүү фондунан каражат бөлүнүп, эски мектепти оңдоп-түзө иштери башталганы менен көйгөй толук чечилбейт. Андыктан, жергиликтүү тургундар Жогорку Кеңештин Төрагасынан жаңы мектептин имаратын салууга көмөктөшүүнү өтүнүштү.

Нурланбек Шакиев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талантбек Иманакун уулуна жаңы мектептин долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын берип, керектүү каражатты кийинки жылдын бюджетине киргизүү талабын койду.

Пикир

Оставить комментарий