• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кадамжай районунда 5 млн сомдук өрдөк эти кармалды

Аймак 0

Бишкек, 12-июнь /Кабар/. Кадамжай районунда бажы кызматкерлери аткезчилик жолу менен өрдөк этин алып бараткандарды кармашты. Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, бажы мыйзамын бузгандар менен күрөшүү бөлүмү, Көк-Тал айылындагы Баткен-Ош унаа жолунда мамлекеттик номерлүү «ДАФ» үлгүсүндөгү унаа И.С.О.нун башкаруусунда бараткан жеринен текшерилип, колго түшүрүлгөн.

Унааны текшерүүгө алганда, 22 миң кг өрдөк эти табылган. Токтотулган учурда айдоочу товарга тиешелүү документтерди көрсөтө алган эмес. Товардын жалпы баасы 5 060 000 сомду түзөт.

Бул иш боюнча материалдар Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий