• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Чаткалда дайынсыз жоголгон 6 жаранды издөөгө тик учак тартылды

Аймак 0


Бишкек, 18.10.24. /Кабар/. Чаткал районунун Ак-Сай жайлоосунда дайынсыз жоголгон 6 жаранды издөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы бүгүн саат 07:30да Ош шаарынан учуп чыкты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Эскерте кетсек, 9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жаран, жалпы 14 адам, Эндик өсүмдүгүнүн тамырын издөөгө тоого кеткенден кийин дайынсыз болуп жатышкан.

16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында 8 жаран аман-эсен табылган, ал эми калган 6 кишинин кар көчкү алдында калышы мүмкүн деген маалымат берилген.

Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы 20 куткаруучусу тартылып, зарыл болгон бардык техникалык жабдуулар колдонулууда. Ошондой эле, куткаруучулар спутник аркылуу министр менен туруктуу байланышып турушат.

Пикир

Оставить комментарий