• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Чаткалда калктын аярлуу катмарына 10 тонна ун жана беткаптар таркатылды

Аймак 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы калктын аярлуу катмарына 10 тонна ун жана беткаптар таркатылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Чаткал райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы калктын эң аярлуу катмарына: мамлекеттин камкордугуна алынган жарандарга, майыптыгы бар балдарды баккан ата-энелерге жеке ассистенттерге, тоголок жетимдерге, өтө жакыр жашаган, азык-түлүккө муктаж болгон жарандарга 10 тонна ун (200 мүшөк), антисептик жана беткаптар таркатылды.

Ундун 5 тоннасы күнү-түнү иштеп жаткан медицина кызматкерлерине берилген. Аталган жардам Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы, райондук штаб башчысы Канжарбек Эшалиев жана райондогу кең иштеткен "Заав Чаарат" компаниясы тарабынан берилген.

Белгилей кетсек, 1-апрелге карата Кыргызстанда 111 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алардын арасынан Жалал-Абад облусунда үчөө айыгып чыккан.

Коронавирустан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген. Саат 20:00-07:00гө чейин коменданттык саат белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана жол кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий