• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Эгемендүүлүккө 31 жыл. Ош шаарында концерттик программалар өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 22.08.22. /Кабар/. Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда Эгемендүүлүктүн 31 жылдыгына карата майрамдык концерттик иш-чара өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабалашты.

Маалыматка ылайык, Салиева көчөсүндөгү сейил бакта шаардык маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулган концерттик программада чыгармачыл музыкалык топтор жана эстрада жылдыздары өнөрлөрүн тартуулашты.

Ушундай эле концерттер 23-августта Акниет сейил багында (Кулатов кичи району), 26-августта Токтогул Сатылганов атындагы паркта уланат. Иш-чаралар саат 18:00дө башталат.

Пикир

Оставить комментарий