• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Коом 0

Бишкек, 22.08.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Шаршеналиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелери боюнча вице-мэри болуп Нурдан Орунтаев дайындалган, буга чейин ал мэриянын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директору болуп иштеген.

Рыскулбек уулу Талант борбор калаанын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору болуп дайындалды. Буга чейин ал департаменттин башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген.

Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Пикир

Оставить комментарий