• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Чаткалда куткаруучулар дайынсыз жоголгон 18 жаштагы жигитти издөөдө

Кырсык 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунда куткаруучулар дайынсыз жоголгон 18 жаштагы жигитти издөөдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 9-майда, Жаңы-Базар айылынын 18 жаштагы Д уулу Ө., аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

"Үч куткаруучу, беш милиция кызматкери жана туугандарынан 10 адам болуп издөө иштерин жүргүзүшүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий