• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Чаткалдын Ак-Сай жайлоосунда бир адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 18.10.24. /Кабар/. Чаткал районунун Ак-Сай жайлоосунда дайынсыз жоголгон бир адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Куткаруучулардын издөө иштеринин натыйжасында бүгүн саат 12:45те көчкү түшкөн аймактан 1978-жылы туулган К.К. аттуу жарандын сөөгү табылып, тик учак менен штабга (Кумбел тилкеси) алып келинди.

Учурда издөө иштери улантылууда.

Эскерте кетсек, 9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жаран, жалпы 14 адам Эндик өсүмдүгүнүн тамырын издөөгө тоого кеткенден кийин дайынсыз болуп жатышкан.

16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында 8 жаран аман-эсен табылган, ал эми калган 6 кишинин кар көчкү алдында калышы мүмкүн деген маалымат берилген.

Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана тик учак тартылып, зарыл болгон бардык техникалык жабдуулар колдонулууда. Ошондой эле куткаруучулар спутник аркылуу министр Бообек Ажикеев менен туруктуу байланышта болушууда.

Пикир

Оставить комментарий