• 85.5
  • 92.66
  • 0.88

Чаткалдын Ак-Сай жайлоосунда дайынсыз болгон үчүнчү жарандын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 18.10.24. /Кабар/. Чаткал районунун Ак-Сай жайлоосунда дайынсыз болуп жаткан үчүнчү жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, буга чейин куткаруучулар тарабынан 2 жарандын сөөгү табылып, тик учак менен Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары калган 3 жарандын сөөгүн издөө иштерин жүргүзүүдө.

Эске салсак, 9-октябрда Каныш-Кыя айылынан 14 тургун жана бир чет элдик жаран Эндик сейрек кездешүүчү өсүмдүктүн тамырын издөө үчүн тоого чыгып, дайынсыз жоголгон. 16-октябрда ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 8 жаран аман-эсен табылып, 6 жаран дайынсыз болуп жаткан.

Бүгүн таң эрте издөө иштерине ӨКМдин тик учагы тартылган.

Пикир

Оставить комментарий