• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Чек арадагы атышуу. Бекболотов “эртерээк кам көрүш керек болчу” дегендерге жооп берди

Коом 0

Бишкек, 19.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов “кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууну алдын алууга болот эле” дегендерге жооп берди.

“ЖМК жана блогерлердин арасында “эртерээк кам көрүш керек болчу”, “даярданыш керек эле” деген сөздөр айтылган. Аскердик операцияларда туура, туура эмес чечим же кабыл алынбаган чечим деген үч нерсе болот. Кабыл алынбаган чечим болсо, ошол жердеги кол башчылар, аскер жетекчилер жооп берет. Ушул сентябрдагы окуяда биз чечим кабыл алдык. Эгер туура эмес чечим кабыл алсам, азыр сиздердин жаныңыздарда отурбайт элем. Биринчиден, аскерлердин алдына коюлган маселенин баары аткарылган, чабуулга келе жаткан душмандарды жок кылуу жана чек ара сызыгынан ары чыгаруу боюнча коюлган талаптар аткарылды”, - дейт ал.

Бекболотов эл жана жоокерлер арасында жоготуулар болгонун жана бул согуштун мыйзамы экенин белгиледи.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 62 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий