Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам курман болгон капитан Эсентур Кубанычбек уулун акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Ал кичи мекени болгон Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жерге берилди.
Акыркы сапарга узатуу иш-чарасына ѳкмѳттүн Нарын облусундагы ѳкүлү, Ат-Башы районунун администрациясынын ѳкүлдѳрү, Ат-Башы районунун аскер комиссары жана айыл эли катышты.
Капитан Эсентур Кубанычбек уулу Россия Федерациясынын Курган чек ара институтун бүтүрүп, УКМКнын Чек ара кызматынын бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн.
Ал УКМКнын Чек ара кызматынын "Бөрү" атайын багыттагы отрядынын тобунун командири болгон.
Пикир
Оставить комментарий