Чек арадагы чыр: Ишкер Баткен облусунда жабыркаган 20 үйдү куруп берет

Коом 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Ишкер Нурбек Осмонов кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун жүрүшүндө жабыркаган кыргызстандыктардын үйлөрүн куруп берет.

“Кабар” агенттигине “Каганат Инвест” холдингинин негиздөөчүсү - Нурбек Осмонов өзү айтып бергендей, компания жабыркаган же бузулган үйлөрдун ордуна 20 үй куруп берүү чечимин кабыл алды.

“Биз азыр штаб менен иштешип жатабыз. Андан кийин алар ишти бүтүргөндөн кийин келтирилген зыян жана чыгымдар тууралуу бизге маалымат бергенден соң биз дароо курулуш иштерин баштайбыз”,-деди ал.

Н.Осмонов үй-бүлөдөгү адамдын санына жараша 80 жана 100 квадрат метр үйлөрдү салуу пландалып жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусундагы Баткен жана Лейлек райондорундагы чек аралаш айылдарда жалпысынан кыргызстандыктардын 78 турак үйлөрү, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 милиция имараты, 3 чек ара бекети, 10 май куюуучу жай, 8 дүкөн жабыркаган.

Акыркы маалыматтар боюнча, чек ара чырынан 183 адам жабыркап, 35и набыт болду.

Пикир

Оставить комментарий