• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Энеси сабап каза болгон баланын сөөгүн алып кетүү үчүн туугандарынан эч ким келген жок

Коом 0

Бишкек, 12.02.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Ошто энеси сабаган үч жаштагы бала өзүнө келбей ооруканада каза болгон. Баланын сөөгүн алып кетүү үчүн туугандарынан эч ким келген эмес, аны дарыгерлер жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери жерге беришет.

“Соттук-медициналык экспертизадан кийин баланын каза болуу себеби так анык болот. Бала комада 8 күн жатты. Анын абалы өтө оор болчу”,-деп билдиришти “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен.

Эске сала кетсек, 3нөн 4-февралга караган түнү Ош шаарынын 1994-жылы туулган А.Д., аттуу жашоочусу өзүнүн үч жаштагы баласын сабаган. Баласы өзүн жаман сезип жатканын көргөн эне аны Ош облустук ооруканага алып барган, ур-токмокко алганын жашырып, тепкичтен кулап кеткен деп билдирген.

Баланын баш мээсине кан куюлуп кеткен.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү убактылуу кармоо жайында.

Пикир

Оставить комментарий