• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Чек арадагы чырдан 31 кыргызстандык набыт болуп, 154 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 30.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуулардан жаракат алгандардын саны 30-апрель, саат 18:00гө карата 154 адамга жетти. Алардын ичинен 31 адам курман болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова брифинг учрунда билдирди.

Анын айтымында, ыкчам маалыматка караганда, жабыркаган 154 адамдын 121и катардагы жарандар. “23 адам күч түзүмдөрүнүн кызматкери”, - дейт Солтонбекова.

Пикир

Оставить комментарий