Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. 2022-жылдын 16-сентябры саат 20:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыркагандардын саны 59 адамга жетти.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, алардын арасында үчөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Алардын көбү октон жана сыныктардан жараат алгандар.
- Баткен облустук бириккен ооруканасында - 26;
- Лейлек райондук жалпы дарыгердик практика борборунда - 18;
- Кулунду ЖДПБ - 3 жабырлануучу;
- Улуттук госпиталда - 3 жабырлануучу;
- Улуттук хирургия борборунда – 1 жабырлануучу
- Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда – 5 жабырлануучу.
Министрликтен белгилешкендей, каза болгон учурлар боюнча маалымат такталууда.
Пикир
Оставить комментарий