• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ӨКМ: Электр калкан “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаториясында эмес, жеке үйдө күйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 02.11.18 /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында электр калкан “Көгүлтүр Ысык-Көл” пансионатында эмес, жеке үйдө күйгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы эртең менен берген санаторияда чыккан өрт тууралуу маалыматы төгүндөдү.

“Үч фазалуу электр калканы Совет-Калинина көчөлөрүнүн кесилишиндеги жеке турак жайда күйгөн. Өрт зымдардын кыска туташуусунан улам келип чыккан”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, эртең менен ӨКМ кызматы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” пансионатында 3 фазалуу электр калканы күйгөн деген билдирүү тараткан.

Пикир

Оставить комментарий