Чек арадагы тынчтыкты сактоо, чырга жол бербөө. Баткен жана Согди облусунун башчылары жолукту 

Аймак 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода жолугушту. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу бүгүн, 13-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында өттү.

Жолугушууга ошондой эле эки облустун чектеш райондорунун акимдери, облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Жетекчилер алгач буга чейин чек ара аймактарында орун алган куралдуу жаңжалда курман болгон жарандарга багыштап куран окушту.

Облус башчылары Баткен жана Согди облусунун чектеш аймактарында коомдук коопсуздукту сактоо, тынчтыкты камсыз кылуу максатында, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-полковник Саймумин Ятимовдун жетекчилиги астында кабыл алынган чечимдерди аткаруу улантыларын белгилешти.

Ага ылайык, облус жетекчилери эл арасында пайда болгон ар кандай түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу, чыр-чатактарга жол бербөө боюнча, чектеш жайгашкан район акимдерине жана облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине биргелешип иштөө менен коомдук коопсуздукту камсыздоону тапшырышты.

Белгилей кетсек, Абдикарим Алимбаев менен Раджоббой Ахмадзода чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо, улам жаралган маселелерди ыкчам чечүү максатында байма-бай жолугушуп турат.

Учурда кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу, күч түзүмдөрү күнүмдүк тартипте иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий