• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай табылды

Аймак 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуу топтордун жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөтү айылында ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай табылып, алынды. Тактап айтканда, күжүрмөн тапанча (револьвер) - 1 даана; мергенчиликтин жылмакай сайлуу мылтыктары (араланган мылтык) - 2 даана; 6 даана 9 мм калибрлүү патрондор.

Тергөөнүн караштуулугу боюнча материалдар Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилип, КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда бул багыттагы ыкчам издөө иш-чаралары Ысык-Көл облусунун аймагында уланууда.

Пикир

Оставить комментарий