• 87
  • 90.59
  • 0.86

Чек арадан жасалма документтер менен унаа алып кирүүгө бөгөт коюлду – Бажы кызматы

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. Чек арадан жасалма документтер менен унаа алып кирүүгө бөгөт коюлду.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, «Манас» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери, ИИМдин БМЖККК кызматкерлери менен биргеликте ЕАЭБ жана КР бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныктады.

Белгиленгендей, оперативдүү иш-чаралардын жүрүшүндө 2009-жылы чыгарылган «Toyota Crown Hybrid» үлгүсүндөгү унаа Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө бажылык тариздөөсүз жана жасалма документтер ташылып келингендиги аныкталган.

Транспорт каражатына төлөнүүгө тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 1 357 045 сомду түздү.

Аталган факт каттоого, чогултулган материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий