• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

УКМК: Таластын тургуну 10 жылдан кийин "Хизб ут-Тахрирден" чыкты

Укук тартиби 0


Бишкек, 11.06.22. /Кабар/. Талас шаарынын тургуну диний-экстремисттик көз караштан баш тартты, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, КР УКМК диний-экстремистик жана эл аралык террордук уюмдардын ишмердүүлүгүн алдын алууга жана токтотууга багытталган иш-аракеттердин алкагында, Кыргызстандын аймагында тыюу салынган ДЭУнун мүчөлөрүн жана тарапкерлерин ынандыруу боюнча түшүндүрүү-профилактикалык иш-чаралары жүргүзүлдү.

Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында Талас шаарынын тургуну С.Ч.Т., тандап алган диний багытынын туура эмес экенин түшүнүү менен, зыяндуу экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.

Белгилей кетсек, С.Ч.Т., 2012-жылы белгисиз эмиссарлар тарабынан “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун катарына алынып, үгүттөө жана тыюу салынган адабияттарды таратуу менен алектенген.

КР УКМК мыйзамсыз экстремисттик жана террористтик аракеттердин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.

Пикир

Оставить комментарий