• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын 4 жеңүүчүсүнө байге берилбейт. Себеби

Коом 0

Бишкек, 14.10.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 1-октябрында өткөрүлгөн "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын экинчи утушундагы төрт байге боюнча жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, эки iPhone 13, бир смартфон жана бир микротолкундуу мешти уткан лотереянын 4 катышуучусунун утуштары жокко чыгарылды.

Лотереянын ведомстволор аралык байкоочу комиссиясы ойнотулган байгелер боюнча берилген материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча ушундай чечимге келди.

Жеңүүчүлөрдүн катышуу шарттарынын сакталышын текшерүүнүн жүрүшүндө 4 байгенин ээлери – Шайырбек уулу Бектен, Жазира Майрамбекова, Алтынбек Караев, Анжелика Попова лотереянын талаптарын бузгандыктары аныкталды.

Алардын үчөө өздөрү иштеген/иштеп жаткан уюмдардын ККМ чектерин сканерден өткөрүшкөн. Башкача айтканда, керектөөчүлөргө/сатып алуучуларга кассалык чекти берүүнүн ордуна, аларды лотереяга катышуу үчүн сканерден өздөрү өткөрүшкөн.

Төртүнчү жеңүүчү кадрлар резервинен кызматка дайындалган аймактык салык органынын кызматкери болуп чыкты.

Натыйжада лотереянын аталган катышуучулары утуштарын алышпайт, калган жеңүүчүлөргө байгелер жакынкы күндөрү тапшырылат.

Лотереянын шартына ылайык, берилбеген байгелер 30-декабрда боло турган үчүнчү турдагы байге фондуна өтөт.

Салык кызматы жарандарды лотереяга катышууга жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.

“Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясын уюштуруу жана өткөрүү шарттарына ылайык катышуучу бир катар талаптарга жооп бериши керек. Анын ичинде – бойго жеткен, Кыргыз Республикасынын жарандык паспорту бар, ошондой эле пайда алуу менен байланышпаган жеке (тиричилик) муктаждыктар үчүн гана товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алган же пайдаланган керектөөчү болууга тийиш.

Белгилей кетсек, 1-октябрда Салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын экинчи утушу өтүп, анда туш келди тандоо ыкмасы (рандом) менен 58 баалуу байгелердин, анын ичинде автоунаанын ээлери аныкталган.

Белгиленгендей, лотереянын акыркы үчүнчү оюну 30-декабрда болот.

Пикир

Оставить комментарий