• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Чемпиондор лигасы: "Боруссия" клубу "ПСЖ" командасын 2:1 эсебинде утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 19-февралда футбол боюнча Чемпиондор лигасынын 1/8 финалында "ПСЖ" менен "Боруссия" командалары оюн өткөрдү.

"Сигнал Идуна Парк" стадионунда өткөн оюн 2:1 эсебинде "Боруссиянын" жеңиши менен аяктады. Беттештин 69-мүнөтүндө "Боруссия" клубдун оюнчусу Холанд гол киргизди. Ошол эле оюнчу оюндун 77-мүнөтүндө дагы бир гол жаратты.

Ал эми "ПСЖ" команданын чабуулчусу Неймар оюндун 75-мүнөтүндө өзүнүн командасына жалгыз голду киргизди. Эсеп 2:1 эсебинде жыйынтыкталды. Эки команданын жооптун беттеши 12-мартта өтөт.

Пикир

Оставить комментарий