• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президенттин Ош жана Баткен облустарындагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери күч сынашты

Спорт 0

Бишкек, 11.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 11-декабрда Кызыл-Кыя шаарында президенттин Ош жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлеринин ортосунда спорттук иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, Ош жана Баткен облустук администрациясынын кызматкерлери спорттун футзал, волейбол жана стол тенниси түрү боюнча күч сынашты.

Спорттук мелдештин жыйынтыгында командалык эсепте президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жеңишти камсыз кылышты.

Белгилей кетсек, иш-чаранын негизги максаты мамлекеттик кызматкерлер арасында достукту чыңдоо жана спорттун өнүгүүсүнө салым кошуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий