• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстандык Муртазалиев Азия оюндарында алтын утту

Спорт 0


Бишкек, 19.09.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Абдурахманхаджи Муртазалиев Ашхабадда өтүп жаткан Азия оюндарынын жабык имараттардагы оюндарында жеңүүчү болду.

Ал кечээ, 18-сентябрда джиу-джитсу боюнча 85 кг чейинки салмак категориясында чыкты.

Старттык таймашта А.Муртазалиев Казакстандык А.Гаврилюкту жеңди.

Финал үчүн беттеште Түркмөнстандык спортчу Мерген Жораевди утуп алган.

Финалда кыргыз спортчусу БЭАден келген спортчу менен беттешип, оюндун жеңүүчүсү болду.

Бул алтын медаль аталган оюндардагы Кыргызстандын биринчи байгеси.

Пикир

Оставить комментарий