• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ош шаарында кыргыз күрөш боюнча Эл аралык мелдеш башталды

Спорт 0

Бишкек, 11.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 11-декабрда Ош шаарында кыргыз күрөш боюнча Эл аралык турнир башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдешке Кыргызстандын жети дубанынан, Бишкек, Ош шаарларынан жана Өзбекстандан жалпы 150 спортчу катышып жатат. Иш-чараны Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети, Ош шаарынын жана облусунун кыргыз күрөш федерациясы уюштурган.

Турнирдин ачылышына вице-мэр Сонунбек Жунусбаев жана спорт тармагынын өкүлдөрү, спорт ардагерлери, машыктыруучулар, спортчулар катышты.

Мелдештин жеңүүчүлөрү уюштуруучулар тарабынан баалуу белектер, акчалай сыйлыктар менен сыйланат.

Пикир

Оставить комментарий