• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Чемпиондор лигасы: “Ювентус” клубу “Локомотив” командасын 2:1 эсебинде артта калтырды

Спорт 0

Бишкек, 07.11.19. /Кабар/. Чемпиондор лигасынын 4-турунун алкагында “Локомотив” клубу өз талаасында туриндик “Ювентус” командасын кабыл алды.

Оюн 2:1 эсебинде италиялык команданын пайдасына чечилди. Беттеш башталаары менен 3-мүнөт өтпөй “Ювентустун” оюнчусу Рэмзи өз командасына алгачкы голду алып келди. Оюндун 12-мүнөтүндө россиялык команданын футболусу Миранчук эсепти теңегенге жетишти.

Беттештин акыркы мүнөттөрүндө “Ювентустун” жарым коргоочусу Д. Коста чечүүчү голду киргизди.

Эки команда D тайпасында орун алган. “Ювентус” 10 упай менен сап башында турса, “Локомотив” 3 упайы менен үчүнчү орунга жайгашты.

Эскерте кетсек, Чемпиондор лигасынын 4-турунда дагы бир катар оюндар болуп өттү. Алар “Бавария” менен “Олимпиакос” (2:0), “Тоттенхэм” менен “Црвена Звезда” (4:0), “Байер” менен “Атлетико” (2:1).

Пикир

Оставить комментарий