Чемпиондор лигасы: "Манчестер Юнайтед" Сульшердин жетекчилиги астында биринчи жолу жеңилди

Спорт 0

Бишкек, 13.02.19 /Кабар/. Чемпиондор лигасынын 1/8 финалында англиялык "Манчестер Юнайтед" өз талаасында Париждин "ПСЖ" клубун кабыл алып, 0:2 эсеби менен жеңилип калды.

Голдорду Преснель Кимпембе (53 минута) менен Килиан Мбаппе (60 минута) киргизди.

90 минутада "Манчестер Юнайтеддин" жарым коргоочусу Поль Погба экинчи сары айып кагазын алганына байланыштуу оюн талаасынан четтетилген.

Уле-Гуннар Сульшердин жетекчилиги астында "МЮ" биринчи жолу жеңилүү ызаазын тартууда. Ал жетектеген команда буга чейин 11 оюн өткөрүп, бир жолу тең чыгып, 10 беттеште жеңишке жеткен.

Экиничи оюнда италиялык "Рома" португалялык "Портуну" 2:1 эсебинде жеңип алды.

Жооптук оюндар 6-март күнү өткөрүлүп, анда 1/4 финалына чыккан командалар аныкталат.

Пикир

Оставить комментарий