• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Дүйнө чемпионаты (U-23): Тайырбек Жумашбек уулу коло медалга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу Дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Чемпионат Албаниянын Тиран шаарында өтүп жатат.

Спортчу 61 кг чейинки салмакта алгач 1/8 финалдык беттеште украиналык балбанды жеңсе, ¼ финалдык беттеште азербайжандык спортчуну уткан. Жарым финалдык беттеште казакстандык балбанга жеңилген.

Ал эми коло медаль үчүн беттеште индиялык спортчуну жеңип, 3-орунду камсыздады.

Белгилей кетсек, 20-30-октябрь күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында Пара Азия оюндары өтүп жатат. Ага Кыргызстандан спорттун 7 түрүнөн (жеңил атлетика,пауэрлифтинг,теннис,сууда сүзүү, шахмат жана дзюдо) 27 спортчу катышууда. Мындан сырткары, курама командада машыктыруучулар, атайын спортчуларга көмөк көрсөтүүчү гиддер жана медицина кызматкерлери бар.

Пикир

Оставить комментарий