• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жалал-Абадда нанды көрсөтүлгөн баадан жогору саткан дүкөнгө айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы "Азия" гипермаркетине тандыр нандын баасын белгиленген баадан жогору саткандыгы үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы базарларында, соода түйүндөрүндө нан азыктарына мониторинг жүргүзүлгөн.

Натыйжада шаардын Т.Байзаков көчөсүнүн №46а дарегинде жайгашкан "Азия" гипермаркетине тандыр нандын баасын белгиленген баадан 3,97 сомго жогору саткандыгы үчүн 13 миң сом айып пул салынды.

Ошондой эле Сузак районундагы наабайканаларда 250-260 гр тандыр нан дүң баада 22 сомдон, чекене баада 25 сомдон, ал эми 360 гр бөлкө нан чекене баада 24 сомдон, 425 гр бөлкө нан 25 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды.

Мындан тышкары, бир нече соода түйүндөрүндө 365-370 гр бөлкө нанды 25 сомдон, 270-280 гр тандыр нанды 30 сомдон сатып жаткандыгы аныкталып, бааны төмөндөтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилди.

Пикир

Оставить комментарий