• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Чемпиондор лигасы: Месси жана Жерар Пике "Интер" командасына каршы оюнга катышпайт

Спорт 0

Бишкек, 10.12.19. /Кабар/. "Барселона" командасы Чемпиондор лигасынын 6-турунда "Интер" командасына каршы оюнга катыша турган футболчулардын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу eurosport басылмасы жазат.

"Барселона" өзүнүн twitter баракчасына жарыялаган билдирүүсүнө ылайык, испаниялык клубдун капитаны Лионель Месси жана коргоочусу Жерар Пике италиялык команда менен болгон оюнга чыкпайт.

Учурда Барселона өзүнүн тайпасында 11 упай менен сап башында болсо, экинчи орунда "Интер" менен "Боруссия" клубдары турат.

Белгилей кетсек, эки команданын оюну 11-декабрда түнкү саат 02:00дө болуп өтөт.

Пикир

Оставить комментарий