• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда өспүрүмдөр арасында бокс боюнча облус биринчилиги өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 13-14 жашка чейинки балдар арасында бокс боюнча облус биринчилиги өтүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирет.

Мелдешке өлкө аймагынан келген 50дөй жаш спортчу катышууда. Жеңүүчүлөр облустун атынан өлкө биринчилигине катышууга жолдомо алышат.

Иш-чаранын расмий ачылышына Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мэриянын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Таласбек Нуралиев катышып, жаш спортчуларга ийгилик каалашты.

Пикир

Оставить комментарий