• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Коом 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте “Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу Кыргызпатенттен билдиришти.

Иш-чара Кыргызпатент уюштурган “Илимдеги аялдар жана инновациялык билим берүү” Борбор Азиялык форумунун алкагында ишке ашты.

Жеңүүчүлөрдү тизмеси:

“Акыл табылга” номинациясы менен мыкты ойлоп табуучулар:
1. Исманов Медербек Марипжанович - Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-өзбек эл аралык университети;
2. Зиялиев Кадырбек Жанузакович, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети;
3. Мусульманова Мукарам Мухамедовна, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети.

“Канатташ” номинациясы менен Автордук укук чөйрөсүндөгү жемиштүү кызматташканы үчүн:
1. Кочергин Павел Геннадьевич - “Умай групп” жоопкерчилиги чектелген коому
“Интеллектуалдык өнөктөштүк” номинациясы менен, интеллектуалдык менчикке сый-урматты камсыздоого көмөктөшкөнү үчүн:
1. Карбекова Азиза Баймаматовна, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттикиуниверситети;
2. Султаналиев Бакытбек Сабырбекович, КР УИАнын автоматика жана машина таануу институту.

“Келечек жаратман” номинациясы менен техника жаатындагы жаш жаратмандарга:
1. Жолдубаев Искендер Жеңишбекович, А. Парпиев атындагы гимназия-мектеби, Ноокат району, Ош областы;
2. Ишенбеков Бакдөөлөт Ринатович, Ак-Суу райондук балдарга билим берүү борбору, Ысык-Көл областы.

“Техникалык чыгармачылык ийриминин мыкты жетекчиси”
1. Матураимова Калбү Божоевна, А. Тангатаров атындагы N14 мектеп-гимназиясы, Өзгөн району, Ош областы.
2. Иманбеков Туратбек Шаршенбекович, Ак-Суу райондук балдарга билим берүү борбору, Ысык-Көл областы;
3. Черненко Андрей Сергеевич, Токмок шаардык балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борбору, Чүй областы.

“Мыкты бренд” номинациясы - мыкты соода маркалары:
1. Кубатбекова Айдана Мунарбековна, “Куликовский” кондитердик үйү;
2. Айсаев Уткур Шамильевич, “Аброй групп” жоопкерчилиги чектелген коому.

Пикир

Оставить комментарий