• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Өлкөнүн чемпиондору “Алай” футболдук клубу расмий түрдө сыйланды

Спорт 0

Бишкек, 14-февраль /Кабар/. Бүгүн, 14-февраль күнү Ош улуттук драма театрында “Алай” футболдук клубун 2016-жылдагы Кыргыз Республикасынын чемпиондугу жана I- лигадагы “Алай” командасынын лиганын чемпиондугу үчүн расмий түрдө сыйлоо аземи болду. Салтанаттуу иш-чарага калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев, КРнын футбол федерациясынын вице-президенти Канат Маматов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, “Алай” футболдук клубунун толук курамы, мекеме уюмдардын жетекчилери жана футбол күйөрмандары катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алгач, Ош шаарынын мэри, «Алай» футбол клубунун Президенти Айтмамат Кадырбаев, клубдун оюнчуларын, жалпы эле футбол күйөрмандарын 2016-жылдагы спорттук жеңиши менен куттуктап, жалпы шаардыктардын атынан ыраазычылык билдирди.

“Ош шаарынын «Алай» футбол клубу түптөлгөндөн бери, футболчуларды даярдоонун чыныгы устаканасына айланып, жүздөгөн мыкты оюнчуларды тарбиялап чыгарды. Бүгүн да бул салт уланып, клубдун тарбиялануучулары алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн футбол клубдарынын катарын толуктап жаткандыгы биз үчүн өзгөчө сыймыктуу.

Клуб өзүнүн тарыхында ары даңазалуу, ары татыктуу жолду басып өттү. 1992- 1993 жана 2006-жылдары «Алай» командасы өлкөбүздүн чепионатында коло медалына татыктуу болсо, 2013-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу чемпиондук титулду жеңип алды. Ал эми 2015-жылы экинчи жолу Өлкөбүздүн чемпиону аталды. Чемпион болуш кыйын, ал эми чемпиондук наамды сактап калыш андан кыйын экендигин баарыбыз жакшы билебиз. Намыска жарап,чемпиондук наам үчүн ат салышкан баардык командаларды артка калтырып 2016-жылы да “Алай” командабыз дагы бир ирет чемпиондукту багындырды. Аны менен катар, I-лигадагы “Алай” командабыз да лиганын чемпиондугун жеңип алып, бизди кош кубанычка бөлөдү. Быйылкы жылы “Алай” командасынын алдыда Өлкөнүн футбол боюнча чемпионаты менен катар Азия конфедерациясынын кубогу үчүн мелдеш күтүп турат. Бул мелдештерде да “Алай” командасы өзүнүн жеңиштери менен жалпы күйөрмандарын кубантарына ишенүү менен ийгиликтерди каалайм.

Шаардын мэриясы мүмкүн болушунча клубду камкордукка алуунун аракеттерин көрүп келе жатат. Акыркы беш жылда эле клубду каржылоо 2,5 млн сомдон 18 млн сомго жетти. Бул аракетибиз мындан ары да улана берет. Учурда курулуп жаткан Футбол Академиясынын бүтүшү менен келечекте дүйнөгө атагы чыккан футболисттер дал ушул биздин Ош шаарынан чыгып, «Алайды» атына жараша, эң мыкты клубга айландыраарына ишенич чоң”,-деди А.Кадырбаев.

Шаар мэри Ош шаарынын мэриясынын атынан клубдун футболчуларына чемпиондук үчүн 1 млн сом акчалай сыйлык тапшырды.

Андан соң, КРнын футбол федерациясынын вице-президенти К.Маматов “Алай” клубунун президентине, футболчуларына, машыктыруучуларына жана дарыгерлерине медалдарды тапшырып, команданын капитанына “Кыргызстандын чемпиону-2016” кубогун расмий түрдө тапшырды.

Ошондой эле, А.Кадырбаев I- лигадагы “Алай” командасынын лиганын чемпиондугу үчүн медалдарды жана кубок ыйгарды.

Мындан сырткары команданын эң мыкты оюнчулары ар кандай номинациялар менен сыйланды. Алардын катарында КРнын 2016-жылдагы чемпиондунда эң көп гол киргизген аталган команданын чабуулчусу Алиа Силла экинчи жолу “Эң мыкты чабуулучу” деп аныкталды.

Иш-чара белгилүү эстрада жылдыздарын катышуусунда, концерттик программа менен коштолду.

Эске салсак, Ош шаарынын “Алай” футболдук командасы өткөн жылдын 29-октябрь күнү А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо Канттын “Абдыш-Ата” командасын 2:0 эсебинде жеңип, мөөнөтүнөн мурда өлкө чемпиону аталган.

«Алай» футбол клубунун таржымалы тууралуу тарыхка көз чаптырсак 1965-жылы «Шахтер», 1994-жылы «Ош-Алай-пирим», 1996-жылы «Динамо-Алай», ал эми 2003-жылдан бери «Алай» футбол клубу аталып, 50 жылдык даңазалуу жолду басып өтүп, Ордолуу Ош шаарынын атын чыгарып, күйөрмандарына кубаныч тартуулап келет.

Пикир

Оставить комментарий