• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандын футзалчы кыздары эл аралык мелдешке катышуу үчүн Душанбеге учуп кетти

Спорт 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Кыргызстандын футзал боюнча кыздар курама командасы Ташкент аркылуу Душанбе шаарына учуп кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, футзалчы кыздар CAFA Women’s Futsal Championship эл аралык мелдешине катышат. Беттеш 19-29-январда Тажикстанда өтөт.

Команданын курамасы:

Оюнчулар: Толгонай Алмазбекова, Айтурган Аскарова, Айжан Боронбекова, Ирина Дорофеева, Сезим Кубанычбекова, Кымбат Өмүрбекова, Айдана Оторбаева, Айпери Саскеева, Бактыгүл Токтоболотова, Кенжебүбү Ырысбек кызы, Назик Күмүшбек кызы.

Дарбазачылар: Наталья Гайворонская, Жайна Өмүрбекова.

Пикир

Оставить комментарий