• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте “Коомдук транспорттун мыкты айдоочусу” сынагы башталды

Коом 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Бишкекте “Коомдук транспорттун мыкты айдоочусу” сынагы башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 16-ноябрдан 16-декабрга чейин Бишкек шаарынын коомдук транспортунун мыкты айдоочусу үчүн сынак жарыяланды:
- автобустар;
- троллейбустар;
- кичиавтобустар.

Төмөнкү критерийлердин негизинде борбордогу эң мыкты коомдук транспорттун айдоочусу аныкталат:
- көрүнүшү;
- айдоо стили;
- жүргүнчүлөрдү тейлөө маданияты;
- транспорттун ичинин тазалыгы;
- накталай эмес төлөм жолу менен жүргүнчүлөрдү ташуу (автобустар, троллейбустар).

"Өзүңүзгө жаккан айдоочунун сүрөтүн, ошондой эле транспорттун сүрөтүн жана мамлекеттик номерин WhatsApp +996 555 977 994 номерине жөнөтүп добуш берсеңиз болот", - деп айтылат маалыматта.

"Шаар тургундары сиздерди коомдук транспорттун шарттарын жакшыртууга активдүү катышууга чакырабыз", - деп белгилешти мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий