• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстанда 30 чарба Россия, Казакстан жана үчүнчү өлкөлөргө балык экспорттойт

Коом 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда 30 балык чарба Россия, Казакстан жана үчүнчү өлкөлөргө балык экспорттойт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын бирдиктүү мамлекеттик балык чарба реестринде 194 балык чарбасы катталган, анын ичинен 30 чарба балык жана балык продукцияларын Россияга, Казакстанга жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттойт.

Кыргызстанда товардык балыктын эки түрү өстүрүлөт - карп жана кубулжума форели (радужная форель). 2021-жылы товардык балык өндүрүү 10 миң 344 тоннаны түзсө, 2020-жылы бул көрсөткүч 5 миң 139 тоннаны түзгөн.

Өндүрүш көлөмүнүн өсүшү менен бирге экспорттук мүмкүнчүлүк өсүүдө. 2020-жылы экспорт 3 миң тоннадан бир аз ашык болсо, 2021-жылы экспорт 5 миң тоннадан ашкан. 2021-жылы Кыргызстандан 5139 тонна балык жана балык продукциялары экспорттолгон.

2021-жылы Ысык-Көл, Соң-Көл, Орто-Токой жана Токтогул суу сактагычтарында балыктарды жасалма жол менен көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлдү. Ысык-Көл форели, сига-лудога, карп-сазан жана башка балык түрлөрүнүн бардыгы болуп 17 миллион 600 миң даана майда чабактар чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий