• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

КР аскерлер кызматкерлери Беларуста эл аралык машыгууга катышат

Коом 0

Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Кечээ, 27-августта КР Куралдуу күчтөрүнүн аскердик контингенти "Күжүрмөн боордоштук - 2023" биргелешкен стратегиялык-оперативдик машыгуусуна катышуу үчүн Беларуска барды.

КР Коргоо министрлигинен билдиришкендей, машыгууга Кыргызстан, Казакстан, Тажикистан, Беларусь жана Россиянын аскердик контингенттери катышат.

Белгиленгендей, машыгуу 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Беларустун полигондорунда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий