• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда бир жумада 22 миңден ашуун жол эрежесин бузуу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 21-августтан 27-августка чейин 22 миң 280 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 254;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу - 250;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 54;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 1 215;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4 миң 87;
- авто ээнбаштык - 5;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу - 5 миң 20;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 5;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 миң 390;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 370 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББгы айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий