• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

КР жарандарынын Казакстанга кирүү жана анын аймагында жүрүү тартибин жеңилдетүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 10-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Казакстан Тышкы иштер министрлиги жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү менен видеоконференция режиминде жолугушуу өткөрдү.

КР ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө 2023-жылдын 27-январында күчүнө кирген чет элдик жарандардын Казакстанда жүрүүсүнүн жаңы эрежелеринин кыргыз жарандарына карата колдонуу маселеси талкууланды.

Кыргызстандын жарандарынын Казакстандын аймагына кирүү жана анын аймагында жүрүү тартибин жеңилдетүү багытында пикир алмашуу жана сунуштар айтылды.

Пикир

Оставить комментарий