• 87.86
  • 93.94
  • 1

Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин I жыйынынын жыйынтыгы боюнча Резолюция кабыл алынды

Коом 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-ноябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын президентине карашту Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин биринчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча Резолюция кабыл алынды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, талкуунун жыйынтыгында төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

— Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы стратегиясынын концепциясын негиз катары кабыл алуу;

— Жумушчу топту түзүү жана 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу;

— Коррупцияга каршы эл аралык күндү өткөрүү боюнча сунуштарды киргизүү.

Пикир

Оставить комментарий